Жаштар · Климат · Тоо турмушу · Практикалык билим

“Тоо Турмушу” командасына кошул!

Эгер климат, суу, жайыт, мал чарбачылыгы, айыл турмушу же жаратылыш маселелерине кызыксаңыз, сизди “Тоо Турмушу” командасына жана коомчулугуна чакырабыз. Биз жаштар менен бирге жергиликтүү көйгөйлөрдү изилдеп, байкап жана практикалык чечимдерди издөөнү каалайбыз.

Тоо Турмушу командасы
Климаттын өзгөрүшүн, суу, жер, жайыт жана айыл турмушундагы көйгөйлөрдү бирге изилдеп, практикалык чечимдерди издейли.

Төмөнкү чакан форма болгону 4 суроодон турат. Форманы толтуруп, кайсы багытка кызыкканыңызды биз менен бөлүшүңүз.

>> Командага кошулуу формасын толтуруу <<

“Тоо Турмушу” деген эмне?

“Тоо Турмушу” — 15 жаштан 35 жашка чейинки жаштар жана жаш үй-бүлөлөр үчүн түзүлгөн коомдук демилге. Биз илимий билимди күнүмдүк турмуштагы жана салттуу тажрыйба менен байланыштырып, пайдалуу маалыматты кыргыз тилинде жөнөкөй жана түшүнүктүү жеткирүүгө аракет кылабыз.

Биз климаттын өзгөрүшү, кургакчылык, суу тартыштыгы, жердин абалы, жайыт жана айыл чарбасындагы башка көйгөйлөрдү жаштар менен бирге изилдөөгө кызыкдарбыз.

Бул үчүн сөзсүз эле илимпоз болуунун кереги жок. Өз айылыңдагы өзгөрүүлөрдү байкоо, маалымат чогултуу, суроо берүү, чакан изилдөө же жөнөкөй эксперимент жүргүзүү да чоң иштин башталышы болушу мүмкүн.

Кимдер кошула алат?

Тоо турмушуна, айыл чарбасына, сууга, жайытка, климатка жана жаратылышка кызыккан 15–35 жаштагы жаштар. Атайын илимий билимиңиз болушу шарт эмес — кызыгуу, идея жана үйрөнүүгө даярдык жетиштүү.

Биздин демилге тууралуу кыскача видео

“Тоо Турмушу” эмне үчүн түзүлдү жана эмнелерди бирге жасагыбыз келет? Кыскача видеодон көрүңүз:

Биздин команда

Азыр “Тоо Турмушу” командасында ар кандай тажрыйбасы жана кызыгуусу бар 5 адам иштеп жатат. Бизди бириктирген максат — жаштар жана тоолуу жамааттар менен бирге климаттын өзгөрүшүнө, кургакчылыкка, суу тартыштыгына жана жердин начарлашына байланышкан көйгөйлөрдү жакшыраак түшүнүп, практикалык чечимдерди издөө.

🔬 Илимий жана стратегиялык багыт

Изилдөө темаларын аныктоо, маалыматтарды талдоо жана практикалык идеяларды илимий көз караш менен өнүктүрүү.

💧 Суу ресурстары жана уюштуруу

Суу маселелери, жергиликтүү иштер жана команданын уюштуруучулук багыттары.

🌱 Айыл чарба

Айыл чарба технологиялары, жерди пайдалануу жана практикалык чарба чечимдери.

🏔 Климат жана жасалма мөңгүлөр

Климаттын өзгөрүшү, суу тартыштыгы жана жаштардын жаңы идеялары.

🐑 Мал чарбачылыгы жана жайыт

Мал чарбачылыгы, жайыттарды пайдалануу жана жаш малчылардын практикалык тажрыйбалары.

Командабыз менен таанышыңыз

“Тоо Турмушу” командасы жана биздин багыттар тууралуу кыскача видео:

Биз менен эмнелерди жасай аласың?

  • Өз айылыңдагы климат жана суу көйгөйлөрүн байкоо;
  • Фермерлердин жана жергиликтүү жаштардын тажрыйбасын чогултуу;
  • Улуу муундардын пайдалуу салттуу билимдерин документтештирүү;
  • Жөнөкөй чакан эксперименттерди жана байкоолорду жүргүзүү;
  • Суу, жер, жайыт жана айыл чарбасы боюнча практикалык маалыматтарды даярдоо;
  • Өз идеяңды же демилгеңди “Тоо Турмушу” аркылуу бөлүшүү.

🌱 Биз коомчулукту азыр чогуу түзүп жатабыз

“Тоо Турмушу” — жаңы жана өсүп келе жаткан демилге. Ошондуктан ар бир жаңы мүчөнүн идеясы, тажрыйбасы жана өз аймагынан алып келген маселеси биз үчүн маанилүү.

```