Жаштар · Тоо турмушу · Муундардын тажрыйбасы

Жаштарды “Тоо Турмушу”: муундан муундарга тажрыйба чогултуу демилгесине чакырабыз

Төмөнкү форма аркылуу өз материалыңызды жөнөтө аласыз:

>> Форманы ачуу <<

Тоо жаштары
Тоолуу аймактардагы жашоо, чарбачылык, жаратылыш жана улуу муундардын тажрыйбалары тууралуу баяндарды бөлүшкүңүз келеби? 😊 Анда тоо турмушу тууралуу баяндарды жана тажрыйбаларды чогуу сактайлы.

Кимдер катыша алат?

Мектеп окуучулары, студенттер жана тоолуу аймактарга кызыккан жаштар.

Эмне кылуу керек?

Үй-бүлөңүздөгү же айылыңыздагы улуу адамдар менен сүйлөшүп, төмөнкү темалардын бири боюнча кыска материал даярдаңыз:

  • Тоо жашоосу тууралуу маанилүү билимдер;
  • Мурдагы жана азыркы жашоонун айырмасы;
  • Жаратылыштагы өзгөрүүлөр;
  • Келечек муундарга пайдалуу кеңештер.

Материалдын форматы

🎤 Аудио маек · 📷 Сүрөттөр · 🎥 Видео · ✍️ Кыскача эссе же баяндама

Видео түшүндүрмө

Демилге тууралуу кыскача видеону көрүңүз:

Материалдарды кайда жөнөтсө болот?

  • WhatsApp: +996 227 036562
  • Email: tooturmush@gmail.com
  • tooturmush.org баракчасы аркылуу

Эң кызыктуу баяндар жана материалдар “Тоо Турмушу” баракчасында жана социалдык тармактарда бөлүшүлүшү мүмкүн.